Нарын, Баткен, Каракол, Ош шаарларынын борбордук аянтына орнотулган жаңы жылдык балатылар (фото)

Нарын шаарынын борбордук аянтына орнотулган жаңы жылдык балатынын бийиктиги 20 метрди түзөт. Бул тууралуу 23-декабрда мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирди.
Анын айтымында, Жаңы жылга карата дагы бир 15 метрлик балаты «Ала-Тоо» стадионуна коюлду. Балатыларды орнотууга, шаардын мерчемдүү жерлерине илинген майрамдык баннерлерге жана башка шаардын майрамдык жасалгасына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 140 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ошондой эле шаардык мекеме-ишканалардын арасында мыкты жаңы жылдык жасалгалоо боюнча сынак жарыяланган.

Ал эми Баткен шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинен Жаңы жыл майрамында оюн-зоок өткөрүүгө 100 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы билдирди.
Маалым болгондой, анын ичинде 10 метрлик балатыны кооздоого, майрам өтүүчү жайды жарыктандырууга, сахнаны жасалгалоо жана оюн-зоок өткөрүүдө белектерди сатып алууга 79 870 сом бөлүнгөн. Ошондой эле лозунгдарды, баннерлерди орнотууга 20 130 сом каралган.

Ысык-Көл облусунун борбору болгон Каракол шаарында быйыл бийиктиги 21 метрди түзгөн балаты орнотулду. Муну мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, балатынын өз баасы эле 24 430 сомду чапчыган. Ал эми аны кооздоого канча каражат жумшалганы азырынча белгисиз.

Ош шаарында кыргыз жергесиндеги эң бийик жаңы жылдык балаты орнотулуп, ал 22-декабрда кечинде жандырылды. Муну SUPER.KG порталына биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров билдирди. Анын айтымында, быйыл Ош шаарында 29 метрлик балаты коюлду.
“Мындан тышкары борбордук аянтты кышкы айылды элестеткендей кылып жасоого аракет кылдык. Анда келген коноктор үчүн ысык чай, пирожок сатуучу орундуктар жайгаштырылды. Быйыл жалпысынан аянтты Жаңы жылга даярдоого 1,5 миллион сом жумшалды. Былтыр да ушундай эле акча каражаты сарпталган”,- деди вице-мэр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
nurik2103
2015-12-23 17:54:56
20 метр чыкпайт бул
+1
suidum.96
2015-12-23 17:56:23
Ээ бул кулаганы калганбы же менин козумо ошондой корунуп жатабы?кыйшык орнотулган го
+1
dinar-87
2015-12-23 18:07:22
Жакшынакай экен Баткендегиге караганда олсо олугу артык экен.
-6
kirgizstan
2015-12-24 15:44:47
dinar-87,баткендегиге караганда деп адашып калыпсын,салыштырчы козунду чоон ачып
+1
STAN_KG
2015-12-24 16:05:56
dinar-87, Мен кээ бир туугандарыма айтаар элем, биз дайыма бири-бирибизди сын көз менен эмес, жакшы көз менен караганды үйрөнүшүбүз керек! Баткенде эмнеге кичинекей балаты орнотконун кызыксаңар мэриясына чалып сурагыла! өлсө, өлүгү артык дебей!
+3
beka027
2015-12-24 17:30:42
dinar-87,
Баткенде эле асыла берет экенсиңер да а? Бир нерсе болсо эле Баткен жаман экен да а?!
0
suyom_seni
2015-12-23 18:26:58
Тыпыйтып эле соонун кылып жасашса болмок...
+4
Jaka1978
2015-12-23 19:12:51
Деги элге эчтеке жакпайт,жайына койгулачы,башка областтардан кем калбай коюлганына тобо дейли
+3
STAN_KG
2015-12-24 16:07:16
Jaka1978, Эмне кыласыңар башка облуска салыштырып!
0
NARYNGRAD
2015-12-23 21:09:41
Нарыным-алтын бешигим!!!
0
aikol87
2015-12-24 15:11:58
Ош жасайлекпи.
0
STAN_KG
2015-12-24 16:08:47
aikol87, Оштук туугандар жасап койгонун өткөндө көргөм Супер-инфодон!
0
krem
2015-12-24 16:45:29
арчалар Куала-лумпурдагы мунаралар го
0
anara-anara
2015-12-24 16:54:05
Баткендин ёлкасы жакшы чыгыптыр тоюмдуураак курсактуурак болуп. Баарыныздарды жаны жылыныздар мн куттуктаймын.
+3
bekush
2015-12-24 17:34:48
Караколдуку жакты
0
bom.bon
2015-12-24 17:39:52
Ошо 140 Минди мага бергенде,20 Минди чонтоко чалып ,120 минге Бишкектеги балаты жолдо каларлык кылып жасап койот элем)))140 мин менен эмнелер кылып салса болот эле ,эх
+1
saku94
2015-12-24 21:23:18
Мага Баткендин балатысы жакты!
+1
Chubak3922
2015-12-25 00:41:45
Каракол менен Бозбулуң сонун
0
shahmatistka.erkemay
2015-12-26 17:58:08
Кыргыз жерим эн сонун, кыйласынан Ош сонун...
Ош шаарынын арчасына эч бир арча жетпептирго!!!!
0
shahmatistka.erkemay
2015-12-26 18:00:41
Бишкектин балатысы эмнеге жок????
0
admin_superstan
2015-12-27 00:56:16
shahmatistka.erkemay, саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/kabar/news/132863/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан