SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман: "Ача-Кайыңды айылында жашаган баланы чоң энеси ооруканага алып келип, жыгылып эрини кесилип кеткенин айткан. Анын оозу көгөргөн эмес. Ал учтуу нерсе менен кесилгенге окшоп турат. Жараатын тиккен жерди тазалап туруу керек эле, ооруканага келбей жатат..." деп маалымдаган эле.
Бул боюнча Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ат-Башы райондук башкармалыгынын башчысы Ишенбай Үсөналиев төмөнкүлөрдү айтты: "2008-жылы туулган Бакай аттуу баланы чапкан" деп анын таякесине кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Баланын эрини ириңдеген эмес. Биздин башкармалыкка келип кетти. Оозунда тырык бар экен. Бул маселени балдар иштери боюнча комиссия да карады. Баланын апасы Москвага иштегени кеткен экен. Окуя болгондон кийин өзү келди. Баласы азыр апасынын колунда".