Ата мекендик ун өндүрүүчүлөр оор абалда экендиги, эгер чара көрүлбөсө, кийинки жылы 15 миң адам жумушсуз калары айтылды

Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун экинчи окууда карап жатат. Мыйзам долбоорунда ата мекендик ишкерлерди колдоо максатында Казакстандан буудай алып кирүүдө салыктан бошотуу каралган. Экономика министри Арзыбек Кожошев ата мекендик ишканаларга колдоо көрсөтүлбөсө, ишканалар жабылып жатканын белгиледи.

"Салыктан 2018-жылдын 1-сентябрына чейин бошотсок, өкмөт 220 миллион сомго зыянга учурайт. Ун өндүрүүчүлөрдүн абалы оор болуп жаткандыктан, биз ушул мыйзам долбоорун алып келдик. Азыр көпчүлүк ишканалар жабылып жатат. Ушул бойдон калтырсак, кийинки жылы 15 миң адам жумушсуз калат. Ал эми ишканалар 2014-жылы 600 миллион сомдон ашуун салык төксө, быйыл 300 миллион сомдой салык төгүштү. Колдоп берип койгула, биз аларды сактап калышыбыз керек",- деди Кожошев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан