Жылнаама, 24-декабрь: Мындан 73 жыл мурун СССРде өкмөттүн "Ё" тамгасын колдонуу боюнча буйругу чыккан

* Мындан 68 жыл мурун, 1947-жылы обончу, ырчы, акын, дастанчы Жолболду Алыбаев Өзгөн районуна караштуу Зергер айылында төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык факультетинде окуган. Жолболду Алыбаев 1970-2000-жылдары Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайында, Маданият техникумунда, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окутуучу болуп эмгектенген. 2000-жылдан тарта Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде окутуучу, Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясында артист болуп иштеген. Жолболду Алыбаев 200гө жакын обондуу ырлардын, 50дөн ашык көлөмдүү чыгармалардын, 3 китептин автору. Анын "Караматхан", "Сүйгөнүмө" сыяктуу ондогон обондору Кыргыз радиосунун алтын казынасына жазылып алынган.

* Мындан 73 жыл мурун, 1942-жылы СССРде өкмөттүн "Ё" тамгасын колдонуу боюнча буйругу чыккан. Иосиф Сталин бийликке келгенден кийин ал бейрасмий декрет чыгарып, анда "Ё" тамгасын шарттуу түрдө колдонуу зарылдыгын айткан. Согуш учурунда бардык маалымат так көрсөтүлүшү керек болгон. Анткени эгерде Берёзово деген айыл же кыштак жөнүндө сөз болсо, аны "Березово" менен алмаштырып албаш керек эле. Бирок Иосиф Сталин дүйнөдөн кайткандан кийин "Ё" тамгасын колдонуу адаттан чыга баштаган.

* Мындан 42 жыл мурун, 1973-жылы америкалык жазуучу Стефани Майер АКШнын Коннектикут штатындагы Хартфорд шаарында туулган.
Стефани Майерди бүт дүйнө “Күүгүм” романынын автору катары билишет. Ал романдын өзөгү кадимки эле түштөн жаралганын автор белгилеп келет. 2005-жылы АКШда жарык көргөн бул китеп укмуштуудай ийгиликке жеткен. Бир жылдын ичинде Стефани Майер даңктуу жазуучу эле эмес, миллионерлердин катарына кошулган. “Күүгүм” романы дүйнөнүн 20 тилине которулуп, сатуудан 40 миллион доллар киреше алып келген. Жалпысынан "Күүгүм" романы 85 миллион нускада сатылып, дүйнөнүн 37 тилине которулган.

* Мындан 34 жыл мурун, 1981-жылы “Евровидение-2008” ыр сынагын жеңип алган биринчи орусиялык ырчы Дима Билан (төрөлгөндөгү аты-жөнү – Виктор Белан) Орусиянын Карачай-Черкес Республикасында туулган.
Дима 18 жашында биринчи жолу Москва шаарына келип, балдар чыгармачылыгына арналган "Чанга-Чунга" фестивалына катышкан. Ал фестивалда Диманын талантын байкаган Иосиф Кобзон өз колу менен диплом тапшырат.
Ал орто мектепти аяктаары менен Москвадагы Гнесин атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып, андан вокал боюнча билим алат. Дима 3-курста экенинде атактуу продюсер Юрий Айзеншпис менен таанышып, аны менен бирге иштешип калат. Бул продюсердин жардамы менен Диманын алгачкы "Бум" аттуу ырына клип тартылат. Муну менен Диманын атагы анчалык деле билинбейт. Андан көп убакыт өтпөй "Я ночной хулиган" аттуу ыры чыгып, ага клип тартылгандан кийин Дима көпчүлүккө тааныла баштаган. Ошентип, Дима атактуулукка жетип, канчалаган сыйлык, наамдарды алганга үлгүргөн.

24-декабрда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gul91
2015-12-23 20:46:21
е тамгасы ж.догу маалымат жакшы экен. Менин тел.да да е жок.
0
bolotbai3
2015-12-24 11:10:03
Ё маё десе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан