Сотто Камчыбек Ташиевди 10 жылга эркинен ажыратуу суралды

Бүгүн, 14-марттагы соттук отурумда мамлекеттик айыптоочулар депутат Камчыбек Ташиевди күчөтүлгөн режимде жаза мөөнөтүн өтөө үчүн 10 жылга эркинен ажыратууну сурашты. Алардын айтымында, сот аталган депутаттын бийликти күч менен басып алуу аракети үчүн күнөөлүү деп табуусу керек. Ошондой эле депутат Садыр Жапаровду да 10 жылга, Талант Мамытовду 9 жылга эркинен ажыратуу суралды. Ал эми 3-октябрдагы митингдин катышуучусу жана анда алып баруучулук кылган Кубатбек Кожоналиевди 8 жылга, депутаттардын жардамчыларын 3 жана 4 жылга эркинен ажыратууну сурашты мамлекеттик айыптоочулар. Айта кетсек, соттук отурум Биринчи Май райондук сотунда өтүүдө.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан