24-декабрда саат 03:16 чамасында Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3 балл болгон жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Арпа-Тектир айылынан 6 чакырым түштүктү карай, Кегети айылынан 15 чакырым түштүктү карай, Карагай-Булак айылынан 18 чакырым түштүк-чыгышты карай, Юрьевка айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышты карай, Бишкек шаарынан 60 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Чүй районунун Арпа-Тектир айылында 3 балл, Кегети айылында 2,5 балл жана Ысык-Ата районунун Карагай-Булак, Юрьевка айылдарында 2,5 балл болду.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок.