Мамбет Койчуев Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарынын мэри болуп шайланды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди. Ошондой эле Насирдин Мурзаев - Баткен облусунун Кадамжай районундагы А.Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысы, Замирбек Сыдыков - Талас облусунун Талас районундагы Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысы, Бакыт Бектуров - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы, Жеңишбек Исираилов - Ош облусунун Алай районундагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалышты.