Чек арадан 5 тонна унду мыйзамсыз алып өтүүгө аракет жасаган кыргыз жараны кармалды

Кыргыз-казак чек арасынан 5 тонна унду мыйзамсыз түрдө алып өтүүгө аракет жасаган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 23-декабрда “Чоң-Капка унаа жолу” өткөрмө пунктунан чек арачылар Казакстандан Кыргыз Республикасына мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет жасаган жаранды кармашкан. Ал Ford Transit үлгүсүндөгү унаасы менен 100 миң сомго барабар болгон 100 мүшөк унду тиешелүү уруксат документи жок алып өтүүнү көздөгөн.

Чек арачылар тиешелүү документтерди толтурган соң кармалган жаранды аймактык ички иштер органдарына өткөрүп беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
medetbek
2015-12-24 11:52:20
Ун менен кармалса чыгаргыла . Банги зат менен кое бересинер го акчасын алып.
0
Zarger59
2015-12-24 11:53:17
Чоон ишке жарашыптыр чек арачылар азаматсынар,ошентип Баткендеги чек араны да ушинтип карасанар аябай жакшы болмок.Баткендин тажиктерге чектеш жашаган элдери тынч жашамак оз уйлорундо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан