Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында бүгүн, 24-декабрда президент Алмазбек Атамбаевдин жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйыны башталды. Жыйынга 130дай жергиликтүү жана чет элдик журналисттер катышууда. Алдыдагы эки саат ичинде өлкө башчы 2015-жылкы ишине байланыштуу суроолорго жооп берет.
Алмазбек Атамбаев сөзүнүн башында президент катары 4 жылдан бери жыл аягында маалымат жыйын берерин, биринчи жолку маалымат жыйын эсинде экенин, ал жолугушууда резиденцияда свет өчүп калганын тамаша иретинде белгиледи.