Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрда журналисттерге чоң маалымат жыйын өткөрүп жатат. Анда президент кезектеги берилген соболго жооп берип жатып: "Орусиялык учакты атып түшүрүү туура болгон жок. Түркиянын аймагына 17 секундага кирсе да, 25 жыл бою курулуп келген мамилеге доо кетти. Чоң катачылык. Түркиянын президенти өкүнүп жатат деп ойлойм. Владимир Путин менен да бул маселе боюнча сүйлөштүм. Орусия Түркиядан эмнени күтүп жатканын айтты. Түркия тарап дагы бир жолу ойлонуп чыгып, катачылыгын моюнуна алышы керек деп ойлойм",- деди.
Эске салсак, президент жыл сайын жыл жыйынтыгын чыгаруу максатында журналисттерге чоң маалымат жыйынын берип келет. Бул жолкусу төртүнчүсү.