Сауд Арабияда ооруканадан чыккан өрт ондогон адамдын өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда орусиялык басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, Жизан шаарында ири өрт кырсыгы катталып, болжол менен 25 адам каза болуп, 107 жаран жабыркаган. Өрт жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 02:10до оорукананын 1-кабатында, башкача айтканда, төрөт бөлүмүндө жана интенсивдик терапия блогунда чыккан. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери белгисиз. Өлкө бийлиги иликтөө иштерин баштады.