"Жер тилкесин сатып, документтерин бербей койгон" деп 1980-жылы туулган А.Т. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу 24-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, укук коргоо органдарына А.С. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Ал 2014-жылы Чүй облусунун Сокулук районунда чала таанышынан жер тилкесин сатып алганын, бирок ээси ушуга чейин жерди да, документтерди да бербей жүргөнүн айткан. Фактыга шектүү катары кармалган жаран тергөө абагына киргизилди. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ушул жылдын ноябрь айында кармалган жаранга алдамчылык боюнча арыз түшкөнү белгилүү болду.