Бүгүн, 14-мартта президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы кызматына шайлангандыгына байланыштуу Си Цзиньпиндин дарегине куттуктоо жөнөттү. Куттуктоодо өз ара кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө Кытай менен достук, коңшулаштык жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өркүндөтүүгө жана чыңдоого Кыргызстан даяр экендиги жөнүндө айтылат. Айтып кетсек, бүгүн Бээжинде өткөн бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынынын 1-сессиясында Си Цзиньпин төрага болуп шайланды.