Азербайжан кыргыз жергесинде 17-ноябрда болгон жер титирөөдөн жабыркагандарга 72 миллион сомдук гуманитардык жардам көрсөтөт. Муну бүгүн, 24-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, гуманитардык жүк азык-түлүк, чатыр, курулуш материалдары жана күйүүчү-майлоочу каражат түрүндө берилет.
“Эртең, 25-декабрда Чүй облусунун Москва районуна караштуу Садовое айылындагы ӨКМнын Куткаруучуларды даярдоо борборунда гуманитардык жүк расмий түрдө тапшырылат. Иш-чарага ӨКМнын жетекчилери, КРнын Тышкы иштер министрлигинин жана Азербайжандын КРдагы элчилигинин өкүлдөрү катышат”,- деп айтылат маалыматта.