Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрь күнү жыл сайын өтүүчү маалымат жыйынын берип жатат. Анда ал кезектеги соболдордун бирине жооп берип жатып: "Кумтөр" иши башынан туура эмес башталган. Ар бир процессти коомчулукка ачык түшүндүрүш керек. "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" деген кеп бар го, бул маселе боюнча да адистер сүйлөсө. Азыр көрүнгөнү чыгып сүйлөп жатат. Айтарым, артык кылам деп тыртык кылып албайлы.
Мен бүгүн кандай жолду ойлоп турганымды дароо айтпайм. Бир жолу парламенттеги фракциялардын лидерлери менен жолугушууда "Менде жакшы ойлор бар. Ушул багытта мыйзамдарды жазып иштесек жакшы болмок, бирок бул сөз ортобузда калсын" деп айттым. Бирок андай болгон жок, көп өтпөй ошол депутаттардын бири парламенттен мен айткан сөздөрдү кыйкырып айтып чыкты",- деди.
Эске салсак, президент жыл сайын жыл жыйынтыгын чыгаруу максатында журналисттерге чоң маалымат жыйынын берип келет. Бул жолкусу төртүнчүсү.