Келе жаткан Жаңы жыл майрамына байланыштуу бүгүн, 24-декабрда "Ош базарындагы" пиротехникалык каражаттар сатылуучу жайларда Бишкек шаардык милициясы Экологиялык-техникалык инспекция жана Өрткө каршы кызматы менен биргеликте текшерүү жүргүздү.
Иш-чаранын жүрүшүндө пиротехниканы сатуунун талаптарын жана тартибин бузуу фактысы аталган базардын эки эле жеринен табылды.
Биринде өспүрүм бала пиротехниканы жашырганга аракет жасаганын милиция кызматкерлери байкап калышты. Сатылуучу майда-чүйдөлөр жаткан столдун астынан 50гө жакын ар түрдүү фейерверк табылды. Бирок коңшу дүкөндө иштеген аял ызы-чуу чыгарып, пиротехниканын баарын көтөрүп алып белгисиз жакка кетип калды. Анын аркасынан барган милиция кызматкери жарым жолдон кайра келе берген.
Рейд уланып, дагы бир пиротехника сатылуучу жай табылды. Ачык жерде көптөгөн пиротехниканы жайып саткан жаш кош бойлуу келин колго түшүп, милиция кызматкерлери анын пиротехникалык каражаттарын милиция бөлүмүнө алып кетишти. Ал эми соодагер келинге протокол түзүлдү.
"Ош базарынын" ичинде рейд тууралуу маалымат абдан тез тараганданбы же алдын ала билдирилгенденби, айтор, ушул эки эле жерде мыйзамсыз пиротехника сатылганы аныкталды. Ошентип, "Ош базары" боюнча рейд аягына чыкты.
Милициядан билдиришкендей, аталган каражаттарды сатуунун талаптарын жана тартибин бузган жарандар административдик жоопкерчиликке тартылышат.
Бишкек шаардык милициясы эскертет:
- пиротехникалык каражаттарды техникалык талаптарга ылайык гана колдонуу кажет;
- жанында ата-энеси жок өспүрүмдөргө пиротехникалык каражаттарды бербеш керек;
- пиротехникалык каражаттарды эл чогулган жерде жана тез жарылуучу заттардын жанында колдонбоо керек;
- иштетилип жаткан пиротехникалык каражатты адамга каратып аттырбаш керек.