Жалал-Абад. "Ошто жөнөкөй жаранды аткылап өлтүргөн" деп террорчулукка шектелген 3 адамды СОБР операциянын жүрүшүндө кармады (фото)

Бүгүн, 24-декабрда Жалал-Абад шаарында тез чара көрүү атайын отрядынын (СОБР) жоокерлери Ош ШИИБинин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн кармоо операциясынын жүрүшүндө 3 адамды колго түшүрүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, операция шаардын Н.Айтматова көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде саат 11:30 чамасында орун алган. "Кан төгүү болгон жок. Жоокерлер 3 адамды кармашты. Кылмышка шектүүлөр турган батирден 2 курал, ок-дарылар, 4-5 бет кап, диний китептер жана баңгизаттар табылды. Кармалгандар болжол менен 25-26 жашта. Алардын экөө Өзбекстандын жарандары, үчүнчүсү Кыргыз Республикасынын жараны. Үчөөнү тең милиция кызматкерлери Ош шаарына алып кетишти. Алар 22-декабрда "Ош облусунун Кара-Суу районунда жергиликтүү тургунду аткылап салышкан" деп шектелип жатышат",- дешти милициядан.

Эскерте кетсек, 22-декабрда саат 22:30 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылынын 1978-жылкы тургуну Юнусжан Абдужалиловду белгисиз адамдар сыртка чакырып, аткылап, андан соң белгисиз жакка качып кетишкен.

Жалал-Абадда террорчулукка шектелген үч адамды кармашты (24.12.2015)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Qnet
2015-12-24 13:55:46
Эмнеге дароо эле террорчулар?Балким булар жон эле бандиттер?Элдин психологиясын аябай бузуп жатышат,исламды динди жаман корсотушуп!
-4
Buratino
2015-12-24 14:05:36
Даа ошол куну эле сразу постторго милициялар коюлуп, ар бир уйго тинтууго буйрук тушкон. Жакшы кармалышыптыр. Жаткан жери жайлуу болсун.
+12
only_progress
2015-12-24 14:17:27
Молодцы.
+10
admin_portal
2015-12-24 15:16:42
Nurbol, ruffo90, amanatym - эскертүү!
Порталдын башка колдонуучуларын кемсинтип, мазактоого тыюу салынат.
0
Elime
2015-12-24 15:17:20
Шумдугун кур эмнелер гана болуп атат.Жаш жаш эле балдар экен эмне куч келди, тынч эле тиргиликтерин кыла беришпейби десен.Тынчылык болсунчу!
+4
chyngyz-KG
2015-12-24 15:19:34
Жакшы оперлер дагы бар.Ийгилик МВД
+7
Sobr777
2015-12-24 16:41:09
Sobr alga
+4
beka027
2015-12-24 17:41:22
Милиция жакшы эле иштеп жатат. Бирок кылмышка шектүүлөрдү колго алган учурда алардын колун ремен менен байлап койгонбу? Не буларга операция учурунда кишен берилбейт бекен?
+4
Nadyrbek00000
2015-12-24 18:17:39
Ушуларды омур бою камака алыш керек куносуз адамдар олуп келет ушуларды деп.
+2
Sonyvaio
2015-12-25 01:21:49
эми тоок урдаганды да жанына ок дары курал койуп террорист деп тарта бергиле. Дагы жакшы домдун баарын аткылап салбаптырсынар 3 адам учун
+1
Sonyvaio
2015-12-25 01:25:15
жаман даярданыпсынарго жасанып туздонуп иттеринер менен теледен чакырып. Бул жон эле шоу баары эле билип турат жаны жылдын астынан бироонорго звания 5-6 адамга грамота керек болуп калганго. майрамга кичине иштеп алыптырсынарда. милиция укмуш иштеп атат айлык акыларды которбосонор болбойт деп ха-ха-ха ээ думбулдор
+1
Sonyvaio
2015-12-25 01:30:32
силер ушинтип олтуруп жоктон бар кылып атасынар кайдагы террорист. бул интермедианар да окшобой калды эми кучтуурогун ойлогула кичине танк бтрлерди аралыштырып, анча мынча снайперлерден кошуп, анан кочолордо кичне бирин бири кууп, анан жергиликтуу тургундардан барымтага алып, силер аны бошотуп, кудум кинодогудай аткарсанар сонун болмок.
0
Sonyvaio
2015-12-25 01:32:44
ушунча болуптур ценарийин биздин киночуларга жаздырып, биздин каскедерлорго аткартсанар жакшыраак болмок
+4
Erniet
2015-12-25 04:02:21
Апеей Озбекстандыктар чет олкодо Кыргызстандын паспорту менен журсо 60 мамлекет без виза кирсе Ити да бити да журот Ушу койчу деги аман бололу
+3
www.maks.aika.kg
2015-12-25 20:17:50
Жакшы кармапсынар Азамат мындай канкорлорду омур бойу турмодо кармаш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан