Бүгүн, 24-декабрда Баткенде мектепте жакшы окуган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн балаты майрамы өттү. Бул тууралуу облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы билдирди.
Маалым болгондой, А.Жайнаков атындагы облустук музыкалык драма театрында 120 окуучунун катышуусу менен майрамдык балаты өткөрүлдү. Аларга жаңы жылдык оюн-зоок уюштурулуп, концерттик программа тартууланды. Иш-чаранын соңунда салтанатка келген 5-6-7-класстын окуучуларына белектер тапшырылып, ысык тамак берилди.