Бишкекте бир катар уурдоо фактыларына шектелип эки жаран кармалды. Муну бүгүн, 24-декабрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалым болгондой, Ленин районунун милиция кызматкерлерине 22 жаштагы кыз арыз менен кайрылган. Ал 4-декабрга караган түнү белгисиз адамдар анын соода түйүнүнүн эшигиндеги кулпусун сындырып, уюлдук телефон жана 2 аялдардын күрмөсүн уурдап кеткенин айткан. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 50 миң сомду түзгөн.
Факт боюнча “тоноо” беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары Чүй облусунун тургундары, буга чейин “адам өлтүрүү” жана “тоноо” беренелери боюнча соттолгон 28 жаштагы И.Сергей жана бир нече жолу сот жообуна тартылган 30 жаштагы А.Олег кармалды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө алардын ушуга окшогон дагы 10 тоноо фактысына тиешеси бар экени аныкталган.