16-мартта Бишкек шаарында жалпы ишембилик өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага борбор калаадагы бардык райондук башкармалыктардын, чарбачылык ишканалардын жана мэриянын борбордук аппаратынын өкүлдөрү катышмакчы.
Мэрия шаардагы мекеме, ишканаларды өздөрүнө тиешелүү болгон жерлерди тазалоого чакырат.