Бүгүн, 24-декабрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы турак жайлардын биринен жаш баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан кабарлашты.
Маалым болгондой, маркумдун жанынан андан кичүү дагы бир бала оор абалда табылган. Ага биринчи жардам көрсөтүлүп жатат. "Балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүлгөн болушу мүмкүн" деген божомолдор бар. Милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.