Чүйдө жолдошу камакка алынгандан кийин аялы төрт баласын, анын ичинде эки айлык кызын таштап кетип калган

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда энеси төрт баласын таштап кеткени тууралуу Жашы жете электердин иши боюнча инспекциянын кызматкерлери жүргүзгөн рейдде белгилүү болду.

Кызматкерлер барган үйдө 62 жаштагы карыя 2 айлык жана 4 жашар кызды, 2 жана 6 жаштагы уулдарды карап келгени аныкталган. Маалыматка караганда, балдардын атасы А.Эдил декабрь айынын башында маңзат сактоого шектелип СИЗОго камакка алынган. Апасы А.Замира балдарын таштап кетип калган (туугандарынын айтымында, учурда ал Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда турат).

Социалдык кызматкерлерден балдарды алып кетпешин суранып көзүнө жаш алган чоң атасы А.Жапын ушул убакка чейин балдарды жалгыз карап келген. Иликтөөнүн жүрүшүндө балдардын апасы буга чейин паспорт албагандыгы белгилүү болгон. Учурда 2 жаштагы уулу жана 2 айлык кызы Токмоктогу балдар үйүнө жайгаштырылды. Ал эми 4 жаштагы кызы менен 6 жаштагы уулу Бишкектеги кароосуз калган балдар үйүнө алынып келинди. Муну 24-декабрда Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Nurbol
2015-12-24 19:26:11
Урматтуу супер инфо жамааты шул боюнча кенири макала жарыялап койгулачы, элдерге манзат, балдар, карылык, жашоо жонундо сабак болсун
+4
Parish
2015-12-24 19:27:41
Эмне деген таш боорлук,озунун ичинен
чыккан балдарын чырылдатып таштап
кеткенин ойлосон денен уркот.
Мындай энелер жоопко тартылышы керек.
Ушу балдар ата эненин мээримин
корбой чонойушат,кийин кандай болорун бир кудай билет.
+4
karona
2015-12-24 20:07:06
Апасынын паспорт албай жургонунон эле билсе болот кандай карангы адам экенин, колунан баары келет мындай айбандардын.
+2
nelya88
2015-12-24 22:10:39
Таш боор энеге соз жок,ал эми байкуш карыяга жок дегенде улуу небересин калтырып коюшпайт беле?
+6
Akmosha
2015-12-24 23:42:25
nelya88,Туура айтасын,кары атага каралашканга жарап калган экен.Аллахым озу колдосун балдарды.
+3
Akmosha
2015-12-24 23:41:18
Таш боор Кукук эне!!!
+2
mira77
2015-12-25 00:22:00
Кептин бары куйосундо жатпайбы манзатты коюп уйбулосун жакшылап багып аялына паспорт алып берип койсо болмок да , аялына болсо соз жок жеткен тушунугу ушу болсо
+2
HAPPY.GIRL
2015-12-25 03:49:05
Карыган чон атага боорум ооруду.Неберелерин сагынат го Эми.
+1
samira8589
2015-12-25 15:18:07
Чон атасынын неберелерин алып кеткенден кийинки абалын элестетип жаман болдум, бечара
+1
nelya88
2015-12-25 15:39:54
samira8589, кошо жеткирип барбадыбы,коз жашын колдотуп... Видеосун коруп алып ыйладым. Аябай боор оорутарлык экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан