Чүй облусунун Токмок - Кара-Дөбө жолунун 20-чакырымында айдоочу унаасы менен даракты сүзүп, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 24-декабрда саат 03:10 чамасында Ниссан үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип даракты сүзгөн. Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар унаанын ичинен 25 жаштагы айдоочунун жана жүргүнчү кыздын жансыз денелерин алып чыгышкан.