Каракол шаарында 10 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип жездеси камакка алынды

Каракол шаарында 10 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип жездеси камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, каза болгон кыздын жездеси кылмышка атасынан өч алуу үчүн барган.

Кечээ, 24-декабрда саат 16:30да укук коргоо органдарына өлтүрүлгөн кыздын атасы телефон чалган. Ал үйүнө жумуштан келип, 2005-жылкы кызынын жана 2007-жылкы баласынын жарадар болуп жатканын көргөн. Кийин кыз жан берген. Ал эми анын бир тууган иниси оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган”,- деди Усубакунов.

Милицияга белгилүү болгондой, окуя 24-декабрда саат 11:00 чамасында болгон. Жусуп аттуу 1963-жылкы балдардын жездеси үйдө балдар жалгыз калганын билип келген. “Биринчи ал 8 жаштагы баланы балтанын башы менен чапкан. Башына тийген катуу соккудан жашы жете элек өспүрүм эс-учун жоготкондо, жездеси 10 жаштагы кызды ошол эле балта менен бир нече ирет чапкан. Алган жаракатынан секелек кыз жан бергени белгилүү болду.

Ал эми үйгө жездеси келип, аларга кол салганын 8 жаштагы бала эсине келгенде айтып берди. Учурда Жусуп аттуу адам кармалып, ал кылган ишин мойнуна алды. Шектүү Каракол шаардык убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул факт боюнча кылмыш иши 97-берене (адам өлтүрүү) менен козголду”,-деди басма сөз кызматынын жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (40)
Anarbek2015
2015-12-25 13:56:04
Атып салыш керек айбанды,турмого барса деле ага турмодон жашоо бербейт
+3
tabyshmak
2015-12-25 14:29:51
Жанын азап менен кыйноо керек олтуруп албай. Акыркы кундору кыргыздарда балдарга кордук корсоткондор, олтуруп, зордуктоолор кобойуп кетти. Же эмне башка улуттар мындай жаман окуяларын ачыкка чыгарбай жашырабы же аларда мындай кылмыштар болбойбу? Ылайым эле эч кайсы улутта мындай каргашалуу окуялар болбосо экен...
+3
samira8589
2015-12-25 15:04:18
Аллахым баарыбыздын ыйманыбызды бекемдесин
+3
samira8589
2015-12-25 15:04:56
Аллахым озун сакта шайтандын бийлигинен
+3
orbit89
2015-12-25 16:08:00
мээси жок айбан десе
+2
islam1992
2015-12-25 16:40:27
Мындай адамдарга кандай закон иштеп чыгышын бийликтегилер деле билбей калды чамасы.Мындай адамдарга чекит койуш керек бир нерсе ойлоп таап.Болбосо кобойуп барат кундон кунго.
+2
akzuura
2015-12-25 17:40:46
islam1992,бийликтегилер кресло менен тамак аштан башкасын ойлобой элего!
жүрөт баары кыйын болуп.
+5
BubleGum
2015-12-25 18:15:38
akzuura,туура айтасынар! Жуздору 180 бурулду, кечээ эле биздин арабызда жургондордун да. Оздорунчо эле деликантный, ак соок болуп чыга келиптир! (((
+3
akzuura
2015-12-26 00:33:25
BubleGum,кыйын эле болушат герсейип колунан эч нерсе келбейт.азыр чоңдордон күтпөй эле койуш керек кайра карапайым эл боорукер өзунү багып кайрымдуулук кылышат.
0
Gulya21
2015-12-25 17:22:25
Озуну да ошо балтанын башы мн чабыш кк айбандан айырмасы калбаптыр
+5
BubleGum
2015-12-25 18:14:11
Эмне учун дайыма чондор учун жаш балдар жазаландырылышы керек!!! Атасында кеги барбы? Атасы менен чеч маселенди! Айбан!!! Олум жазасын киргизсинчи мыйзамга балдардын 1 тал чачына тийгендердин!!! (((
+3
RaHat19
2015-12-25 19:03:33
балдардын ата энесине терен кайгыруу менен конул айтам.Жусуп деген озу ким тактап жашаган жерин жазгылачы. мындай немени тез эле сотош керек сотор камап алып сурака алымыш болуп кун откозуп качан кечиришет деп кутушот анан сотко акча сурайт да бошотуп жиберет.
+3
orhidea
2015-12-25 19:17:06
Кээ бир эркек сооройлор кичинекей балдар менен аяалдарга гана кучу келет. Эмне учун атасы менен барып суйлошпойт!!! Акмак!!! Кыздын арбагы урсун!!! Кудай жеткирсин колуна шал тийгир!!!
+4
suidum.96
2015-12-25 20:12:24
Аябай ыйладым,каза болгон кыз уй булосу м.н менин кошунам эле жакында шаарга кочуп кетишкен болчу.
+2
bokidina
2015-12-25 21:16:51
Муну да больницага жаткызып салбай соттошсо экен
+1
Dinakg
2015-12-25 22:31:20
Мындай акмак адамдарды атуудан башка нерсени ыраа корбой турам же эл алдына алып чыгып таш баранга алыш керек.
+2
Moskva.kg
2015-12-25 22:33:09
Урматтуу жогорку кенештин депутаттары мен силерге кайрылаар элем олум жазасына тартуу деген закон чыгарууну отуном ж.а отунобуз педофилдер,маняктар ж.а башка ушулга окшогон жаман корунуштор азайып жок болмок олум жазасы закону чыкса кыргыз эли 95 пайызы колдойт деп ишенем
+1
Lumia-800
2015-12-25 23:16:20
Бизде олум жазасын ишке ашырса бейкуноо,акчасы жоктор башкалап учун камалгандай эле башкалар учун олуп кетет. Андан коро азыркы эле мыйзамды коррупциясыз так аткарсын ошол жетиштуу болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан