Бүгүн, 25-декабрда Кыргыз улуттук филармониясында президенттик жаңы жылдык балаты башталды. Президент Алмазбек Атамбаев кичинекей балдардын коштоосунда концерттик залга кирди.
Иш-чарага жалпы республикадан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала келген. Алардын арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, мыкты окуучулар бар. Аларга президенттин атынан китептер жана таттуу белектер тартууланмакчы.