Москвадагы кыргыздар 24-декабрда КРнын Орусиядагы элчилигинин өкүлдөрү менен жаңы жыл алдында мыйзам бузуу боюнча камакка алынган мекендештеринен кабар алышты. Маалым болгондой, интернеттеги социалдык тармактар аркылуу 26 миң рублдан ашуун каражат чогулуп, ага тамак-аш, жуунуучу каражаттар сатылып алынган.
Орусия Федерациясында мыйзам бузуу фактылары (Документтери туура эмес толтурулган, Орусияда жүрүү эрежесин бузгандар. Бул жерде Орусиянын аймагынан чыгарыла турган чет өлкөлүк жарандар да бар) боюнча кармалган жайда 66 кыргыз жараны бар экени белгилүү болду. "Чет жердеги кыйын күндөрдө мекендештерибиз жалгыз эместигин билдирип, моралдык жактан колдоо көрсөтүү максатында жана Жаңы жыл алдында жакшы маанай тартуулоо үчүн кабар алдык",- дешет уюштуруучулар.