Күч түзүмдөрүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү деңгээли тегерек столдо талкууланды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 24-декабрда МЧКнын Кесипкөйлүүлүктү жогорулатуу борборунун кыргыз тили классында "Күч түзүмдөрүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү деңгээли" деген темада тегерек стол өттү.
Иш-чарага Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары полковник Таалайбек Усубалиев, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, өкмөт аппаратынын, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана филолог-адистер катышышты.
Тегерек столдун катышуучулары күч түзүмдөрүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү тармагындагы жетишкендиктерди жана мүчүлүштүктөрдү талкууга алышты. Муну менен бирге иш-чаранын жүрүшүндө “Кыргыз тили: Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” жана “Кеп маданияты” китептеринин бет ачары болду. Бул усулдук жөлөкчө китептер кыргыз тилин үйрөтүүгө багытталып, чек арадагы бардык тарамдарга жөнөтүлмөкчү.
Азыркы тапта чек ара ведомствосунун борбордук аппаратында мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмчөсү иштеп, ал иш кагаздарын которуу менен гана чектелбестен, мамлекеттик тилди окутуу курстарын да өткөрүүдө.