Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаардык сотунда "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталган ЖКнын мурунку депутаты Ахматбек Келдибековдун иши боюнча экинчи инстанциядагы сот отуруму болду.
Анын жүрүшүндө айыпталуучу А.Келдибеков биринчи инстанцияда чыгарылган өкүм менен таанышып чыгуу үчүн сот отурумун жылдырууну суранды. Ал эми анын жактоочусу Татьяна Чильникина материалдардын арасында айрым документтердин жоктугун айтып чыкты. Андан соң судья сот отурумун 11-январга жылдырды.
Эске салсак, 12-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-депутат Ахматбек Келдибековду Салык кызматындагы иши боюнча актаган. Ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу ишинде күнөөлүү деп табылып, 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Бул өкүм боюнча Башкы прокуратура жогорку инстанцияга кайрылары маалым болгон.