Бүгүн, 14-мартта Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Австриянын президенти Хайнц Фишерди "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан президент Алмазбек Атамбаев тосуп алды. Айтылгандай, Фишер иш сапары алкагында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, төрага Асылбек Жээнбеков менен да жолугушмакчы. Мындан сырткары эки өлкөнүн бир катар министрлери да сүйлөшүү жүргүзүшүп, маанилүү документтерге кол коюулардын болушу күтүлүүдө.