Чүйдө бир катар уурулук фактыларынын бети ачылды

Чүй облусунда бир катар уурулук фактыларынын бети ачылды. Бул тууралуу 25-декабрда облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, укук коргоо органдарына Лебединовка айылынын тургуну, 1926-жылы туулган Ф.П. кайрылган. Ал 6-декабрда белгисиз адам үйүнө кирип, баалуу буюмдарын жана акча каражаттарын уурдап кеткенин кабарлаган. Фактыга шектелип 16 жаштагы Ш.Т. аттуу жергиликтүү тургун кармалды.

Мындан сырткары милицияга Аламүдүн районунун жашоочусу кайрылып, үйдүн алдына токтотулган велосипед жана коляскаларды уурдагандарга чара көрүүнү суранган. Уурулук фактысынан жалпысынан 40 миң сом зыян келтирилген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1981-жылы Ысык-Көл облусунда туулган Б.А. кармалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан