Жаңы жыл майрамында Бишкекте коомдук транспорт адаттагыдай режимде иш алып барат. Бул тууралуу 25-декабрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
31-декабрдан 1-январга караган түнү саат 00:00дөн тартып борбордук "Ала-Тоо" аянтынан жарандарды автобус жана троллейбустар ташыйт.
Автобустар аянттан Аламүдүн-1, Тынчтык, Ала-Тоо конуштары, Асанбай, 110-квартал, 12-кичи району жана Туңгуч кичи райондоруна кетүүчү багыт менен катташат. Ал эми троллейбустар Жал, Киркомстрой, Кожзавод, Асанбай, Чыгыш автобекети, Туңгуч, Аламүдүн-1 райондоруна кеткен каттамдар боюнча элге кызмат көрсөтүшөт. Мындан сырткары кичи автобустардын каттамын да аянт аркылуу өткөрүү уюштурулат.