Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуу шартында өлкөнүн салык тутумунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралды.
Экономика министринин айтымында, мыйзам долбоорунда кошумча нарк салыгын каттоо чегин жылына 4 миллион сомдон 8 миллион сомго чейин жогорулатуу чарасы камтылган. Анын пикиринде, 4 миллион сомдук чек 2008-жылы белгиленгендиктен, азыркы шартка ылайык келбей калды. Аны жогорулатуу чакан бизнести өнүктүрүүдө кыйла ыңгайлуу шарттарды түзөт. Ал үчүн КРнын Салык кодексине, “КРнын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.
Андан сырткары сатуудан алынуучу салыкты жокко чыгаруу демилгеси да сунушталууда. Кыргыз мамлекетинин аймагынан ЕАЭБ аймагына же ЕАЭБ аймагынан тышкары ташып чыгаруучу товарларды сатууда ата мекендик салык төлөөчүлөрдү мындай салыктан бошотуу ата мекендик салык төлөөчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.
Сатуудан алынуучу салыкты жоюу чаралары эки этапта ишке ашырылат: 1-этап – 2016-жыл, 2-этап – 2017-жыл. Бюджеттин киреше бөлүгү 1-этапта 1,5 миллиард сом, 2-этапта 1 миллиард сом өлчөмүндө жоготууга учурайт. Анын ордун толтура турган башка бир катар алгылыктуу чаралар топтому каралган. Ал үчүн дагы 5-6-мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү милдети турат.
Талкуу жүрүшүндө фракция лидери Чыныбай Турсунбеков мыйзам долбоорунда каралган чаралар көмүскө экономиканын көрүнөө чыгып, өлкө экономикасынын өнүгүшүнө түрткү бере турганын баса белгиледи. “Эсиңерде бар чыгар, 2009-жылы кошумча нарк салыгынын өлчөмү 20 пайыздан 12 пайызга чейин төмөндөтүлгөндө, бюджетке мурдагыга караганда алда канча көп киреше түшкөн. Бул жолу да дал ушундай жагымдуу жагдай түзүлгөнү турат”,- дейт ал.
Ал эми депутат Төрөбай Зулпукаров кошумча нарк салыгын каттоо чегин 8 миллион сом эмес, 10 миллион сомго чейин көтөрүү сунушун берди. Ошондо салык саясатында теңчилик орноп, ар кандай буйтка жолдор менен салык качуу жосундары азаят. Экономика министри бул сунушту эске алууга убада берип, мыйзам долбоорун үч окууда карап, жыл аягына чейин кабыл алып берүү өтүнүчүн билдирди.