Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында милиция кызматкерлери Сирияга барып келген 2 адамды кармашты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.
Маалым болгондой, 24-декабрда Жалал-Абад шаарындагы Нагима Айтматова атындагы көчөдөгү көп кабаттуу үйдө жүргүзүлгөн операцияда кармалган 3 адам суракта Сирияга барып келген жарандар боюнча маалыматты беришкен. "Келип түшкөн ыкчам маалыматтын негизинде ошол күнү Кара-Көл шаарынын аймагына атайын текшерүү посту орнотулуп, Жалал-Абад ОИИБинин жана Кара-Көл ШИИБинин тажрыйбалуу кызматкерлери аталган постто автоунааларды жана жүргүнчүлөрдү текшерүү боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүшкөн",- деп түшүндүрүштү милициядан.
"Жыйынтыгында 25-декабрда түнкү саат 00:45 чамасында Кара-Көл шаарынын аймагында ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерилген. Унаанын ичинен Сирияга барып келген жарандар кармалышты. Алардын бири 1995-жылы туулган Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылынын тургуну, экинчиси 1988-жылы туулган Сузак районунун Чөкө-Төбө айылынын тургуну экени аныкталды",- дешти Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан.