Израилде кумар ойногондогу карыздарын төлөө үчүн кызын сатууга аракет кылган жаран кармалды

Иерусалимдеги түгөйлөр 3 айлык кызын сатууга аракет кылышкандыгы үчүн камакка алынышты. Алар кызын 26 миң долларга сатып, акчага кумар ойногондогу карызын төлөөнү көздөшкөн. Бул тууралуу 25-декабрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Израиль полициясынын маалыматына караганда, укук коргоо органдары кыздын атасынын бул планы боюнча кабардар болуп, өз кызматкерин жөнөтүшкөн. Ал сатып алуучу катары өзүн тааныштырып, экөө бир нече жолу жолуккан. Атасы кызын сатуу үчүн жолугушууга алып келгенде колго түшкөн. Кийинчерээк анын аялы да кармалды. Азыркы тапта кыз социалдык кызматкерлердин көзөмөлүндө турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Sobr777
2015-12-25 21:22:23
Израилдин полициялары кучтууго
+1
meder_mederi
2015-12-25 23:05:47
Нысап берсин аллах ар Бир пендеге!!!
+1
kanykey125
2015-12-25 23:41:39
кумар ойногондорго нысап берсин.
+1
chyngyz-KG
2015-12-26 00:14:55
Бизде казино ачылса мындай болбойт деп кепилдик берет бекен окмот?
0
Neizvestno777
2015-12-26 01:41:36
Кумайкана ачканга уйуксат бейейи деп коёт дагы..
+4
Moskva.kg
2015-12-26 02:07:18
Казино байманаптардын оюну акчалары батбай копкон адамдар барат жана бизнеске айлантып алышкан,а жонокой адамдар ойногондон алыс болуш керек анткени акчалары жетбей карызга батып жатышат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан