Нарын. Нооруз майрамын жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча даярдык жүрүүдө

Нарын шаарында Нооруз майрамын жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн шаардык мэриянын иш планы бекитилди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

21-март күнү шаардагы борбордук аянтта театрлаштырылган оюн-зоок программасы, атайын концерт жана  улуттук тамак-аштардын жарманкеси өткөрүлөт. Мындан сырткары шаардагы "Ала-Тоо" стадионунда спорттук оюндар болот. Анда аркан тартыш, ордо, кол күрөш жана чоюн көтөрүү боюнча мелдеш уюштурулат. Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан