"Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду өндүрүш тармагы менен кошо асыл тукум мал чарбасын жана
мөмө-жемиш бак-дарактарын тигүүнү гана колдоого алууда". Бул тууралуу аталган фонддун Башкаруу кеңешинин мүчөсү Бакыт Курманбеков “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында маалымат берип жатып айтты. Анда Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү, жүргүзүлүп жаткан иштери боюнча маалымат угулду.
Б.Курманбековдун маалыматына ылайык, аталган фонддун капиталы 500 миллион доллар болсо, учурда анын 300 миллиону келип түшкөн. Ал эми калган бөлүгү 2016-жылдын май айынын соңунда которулуп берилмекчи. Фонд өндүрүш тармагы менен кошо асыл тукум мал чарбасын жана мөмө-жемиш бак-дарактарын тигүүнү каржылайт. Бүгүнкү күндө жер-жерлерде филиалдар жок болгондугуна байланыштуу мамлекеттик эки банк тандалып алынып, алар менен иш жүргүзүлүүдө. Бул эки банкка 1,2 миллиард сом ишкерликке багытталган долбоорлор үчүн бөлүнүп берилген. Фонддун түз каржылоосу боюнча 180 миллион сомдон жогору долбоорлор каралат. Учурда фондго 23 бизнес-долбоор келип түшкөн.
Талкууда фракция депутаттары долбоорлорду тандап алууда ишканалардын Кыргыз Республикасында катталуусу, 20 пайыздык өз салымы болушу керектиги жана насыя төлөө мүмкүнчүлүгү сындуу критерийлер караларын такташты. Жыйын жүрүшүндө канаттуулар чарбасы, күнөскана, табигый шире өндүрүү, мал союучу жайларды куруу сындуу долбоорлор колдоого алынып жатканы белгилүү болду. Долбоорлорду тандап алуу маселеси фонддун Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлөт.
Жыйынтыгында фонддун ишмердүүлүгү, жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалымат эске алынды.