Кыргызстандык велоспортчу Евгений Ваккер Индияда өтүп жаткан Азия чемпиондугунда коло медалга ээ болду. Ал 40 чакырымдык жарышка түшүп, жыйынтыгында үчүнчү орунду алган. Ал эми 1-орунду өзбекстандык Мураджан Халмуратов, 2-орунду казак велоспортчусу Андрей Мизуров алды.
Айта кетсек, Евгений Ваккер 2007, 2008, 2011 жана 2012-жылдары Азия чемпиону болгон.