* Мындан 8 жыл мурун, 2007-жылы жергебизде “Кыргыз жери – Санта-Клаустардын мекени” деген туристтик брендди жарнамалоо башталган. Анын эң негизги максаты өлкөбүзгө туристтерди чакыруу болгон. Санта- Клаус жана анын досторунун кышкы эл аралык фестивалына Орусия, АКШ, Япония, Кытай, Индия, Корея, Түркия, Канада, Дания, Швеция, Норвегия, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өңдүү өлкөлөр катышкан. Фестивалдын жүрүшүндө Аяз аталар менен Санта-Клаустар өлкөнүн жетекчиси менен жолугушкандан сырткары Ала-Арча, Ысык-Көл, ошондой эле тоодогу лыжа тебүү базаларына чейин кыдырышып, бул иш-чара кыргыз жеринин кооз жаратылышын, маданиятын дүйнөлүк коомчулукка таанытууга өбөлгө болуп, эл аралык аренага кыргыз өлкөсү туризм өлкөсү катары таанылуусу үчүн уникалдуу жарнама болуп берерине шарт түзүп келген.
* Мындан 66 жыл мурун, 1949-жылы орусиялык театр жана кино актёру, ырчы, телеалпаруучу Михаил Боярский Ленинградда актёрлордун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Мектепти бүткөн соң Ленинграддагы Мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтуна тапшырып, ийгиликтүү аяктаган. Актёрлук карьерасын 1974-жылы "Көпүрөлөр" тасмасында баштап, 1978-жылы "Д’Артаньян жана үч мушкетёр" тасмасына тартылып, жылдызы жанган.
Михаил Боярский Орусиянын маданиятына кошкон салымы үчүн көптөгөн сыйлык, наамдарга ээ болуп, 1984-жылы "Орусиянын Эмгек сиңирген артисти" наамына арзыса, 1990-жылы "Эл артисти" наамын алган.
* Мындан 42 жыл мурун, 1973-жылы орусиялык ырчы, обончу, "Непара" дуэтинин ырчысы Александр Шоуа Грузиянын Сухуми шаарында төрөлгөн. Убагында атасы музыкант, апасы шахматчы болгон. Ырчы бала кезинен музыкага жакын болуп, достору менен футбол ойногондон көрө үйүндө фортепианодо ойногонду жакшы көргөн. Бул кызыгуусу аны Сухуминин музыкалык окуу жайынан билим алууга жеткирген. Андан соң Москва шаарына келип, дүкөндөрдүн биринде жүк ташуучу да болуп иштеген. Кийинчерээк ошол учурдагы популярдуу болгон "Арамис" поп-тобунда аранжировщиктин жана музыканттын ордун ээлеген. Ошондон тартып Сашанын музыка дүйнөсүнө кызыгуусу ого бетер күч ала баштаган. Чыгармачылыктын жолунда жүрүп "Восток" деген топ менен таанышып калган. Алар аркылуу Германияда иштеп келет. Ошентип жүрүп акыры чыгармачылыкка баш-оту менен киришүүнү чечкен. Александр Шоуа 2002-жылы күз айында Москва шаарында Виктория Тальшинская менен биргеликте "Непара" тобун түзгөн. Аталган топ орус шоу-бизнесине жаңы жанр алып келип, "Другая причина", "Плачь и смотри" ж.б. ырлары хитке айланган.
* Мындан 11 жыл мурун, 2004-жылы Инд океанындагы Суматра аралдарына жакын жерде суу астында күчү 9,1 баллга жеткен жер титирөө болуп, ал цунамини пайда кылган. Бийиктиги 15 метрден ашкан цунами толкуну Индонезия, Шри-Ланка, Таиланд, Индиянын түштүгү жана башка өлкөлөрдүн жээктерине жетип, ири кыйроолорго алып келген. 300 миңге жакын киши цунаминин курмандыгы болгон.
26-декабрда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.