Жылнаама, 27-декабрь: Мындан 67 жыл мурун франциялык актёр Жерар Депардье туулган

* Мындан 67 жыл мурун, 1948-жылы КРнын Эмгек сиңирген артисти, актриса Жамиля Сыдыкбаева Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Кытай айылында төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин Улуттук университеттин чет тилдер факультетине тапшырган. Бирок аягына чейин окубастан, Москвадагы ГИТИСке тапшырган. Окуусун бүтүп, Ош драма театрында эмгектенген. Кийинчерээк борбордогу Кыргыз драма театрына которулуп келген.

* Мындан 67 жыл мурун, 1948-жылы франциялык актёр Жерар Депардье Франциянын Шатору шаарында туулган.
"Алтын глобус" сыйлыгынын лауреаты, "Сезар" сыйлыгынын эки жолку ээси Жерар Депардье Францияда гана эмес, бүт дүйнө жүзүнө таанымал таланттуу актёр. Жерар Депардье - комедияларда гана эмес, мелодрама, тарыхый тасмаларда да роль жараткан ар кырдуу талант. Ал Жан-Поль Бельмондо, Ален Делон сыяктуу белгилүү актёрлор менен катар СССРдин аймагында атактуулукка жеткен. Аны көпчүлүк Пьер Ришар менен чогуу тартылган "Папашалар", "Качкындар ("Беглецы"), Кристиан Клавье менен биргеликте тартылган Астерик менен Обеликс жөнүндөгү комедиялары аркылуу таанышат.
2013-жылдын 3-январында Жерар Депардье Орусиянын жарандыгын алган.

* Мындан 12 жыл мурун, 2003-жылы испаниялык "Чупа Чупс" ("Chupa Chups") компаниясынын негиздөөчүсү Энрике Бернат 80 жашында Барселонадагы өз үйүндө каза болгон.
Дүйнөгө белгилүү, өзгөчө кичинекей балдар сүйүп жеген "Чупа Чупс" ("Chupa Chups") момпосуюн чыгарган компанияны ачкан Энрике Бернат 1923-жылы 20-октябрда Испаниянын Барселона шаарында туулган. "Чупа Чупс" ("Chupa Chups") момпосуюн 1958-жылы Энрике Бернат балдар колдорун, кийимдерин булгабасын деген ойдо жыгач таякчасы менен чыгара баштаган. Кийин жыгач таякчалар желим таякчаларга алмаштырылган. “Чупар” сөзү испан тилинен которгондо “соруу” дегенди түшүндүрөт.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Таиланддын түндүк-чыгышында, Пхетчабун провинциясында автобус жол кырсыгына кабылган. Маалыматка ылайык, айдоочу рулду башкарып бара жатып уктап калган. Катуу ылдамдыкта жүрүп бара жаткан автобус 30 метр бийиктиктен түшүп кеткен. Жалпысынан 40 жүргүнчү болсо, кырсык болгон жерден куткаруучулар 28 адамдын сөөгүн табышкан. Калгандары оор абалда бейтапканага жеткирилген. Ооруканадан дагы бир адам көз жумган.

27-декабрда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан