Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Австриядан келген делегацияга ыраазычылык билдирди

Бүгүн, 14-мартта Бишкектеги "Ала - Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбев Австрия өлкөсүнөн келген жоон топ делегацияны кабыл алып, учурда эки тарап эркин форматта пикир алышууда. Аталган делегацияны Австриянын президенти Хайнц Фишер жетектеп келди. “Кыргызстанга кош келиңиздер. Сиздер биздин өлкөгө оор кырдаалдарда жардам бердиңер. Июнь окуясындагы көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Албетте, биз өнүккөн өлкөлөрдөн көп нерсени үйрөнгүбүз келет. Негизинен, Кыргызстан менен Австриянын мамлекеттик башкаруу түзүмү окшош. Экономикалык жактан биз да Австрия өлкөсү менен тең болгубуз келет",- деди Атамбаев.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан