Ош облусунда өлкөдөгү диний эркиндик боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат

25-декабрда Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек Орунбаев Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Анда Нурбек Орунбаев жарандарга диний эркиндик жөнүндө айтып берди. Өз сөзүндө азыркы диний туруктуулукту өз нугунда бекемдеп, мындан ары өнүктүрүп кетүү үчүн айылдык мечиттердеги имамдардын динди жеткирүүдөгү чеберчилигин жана ар тараптуу билим деңгээлин жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Мындан сырткары ар бир жарандын ислам динине болгон мамилесинде адеп-ахлак жана өзүн үлгүлүү алып жүрүүсү мамлекеттин өнүгүүсүнө болгон салымы экендигин билдирди.

Иш-чаранын соңунда Нурбек Орунбаев алдыдагы жолугушуулар аталган айыл өкмөттүн мектеп окуучулары жана башка айылдардын жашоочулары менен болорун айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан