26-декабрга караган түнү өлкөнүн түштүгүндө жер титирөө катталды

26-декабрга караган түнү саат 01:17 чамасында өлкөнүн түштүк аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурмандар билдиришти.

Жер титирөө Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында сезилген. Болжол менен күчү 3-3,5 баллга жетти. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок.

КРнын Сейсмология институту берген маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Ооганстанда жайгашкан. Эпицентрде күчү 6,2 баллга жеткен жер силкинүү кыргыз жеринен сырткары Тажикстан, Казакстан жана Пакистанда да сезилди. Дүйшөмбү шаарында жашоочулар сыртка чыккандан кийин да бир топ убакыт өтүп, жер силкинүү дээрлик 5 мүнөткө созулганы айтылды. Пакистанда 3 адам каза болсо, жабыркагандардын саны 90дон ашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
marmiladka9
2015-12-26 10:19:09
Кудай сактасын. Башка нерсе оозго келбей калды го. Бир жараткандын колунда баары
+5
Nadir27
2015-12-26 10:55:45
Ииииййй кудай жолдошум айтса ишенбепмин
0
rahat97
2015-12-26 11:01:51
мен да чочуп ойгондум
0
miki-84
2015-12-26 11:15:49
Каттуу болду
0
aylin.kg
2015-12-26 11:18:01
Аллах озу сактасын.
+1
islam1992
2015-12-26 11:18:44
Шымкенте да каттуу болду.Кудай сактасын эмне деген гана шумдуктар болуп жатат.
0
Alikhan
2015-12-26 13:01:12
Пакистанда да болду 4 балга жетти окшойт
+1
bolotbek91
2015-12-26 13:27:42
Кудай сактасын
0
o.aza
2015-12-26 14:33:35
Алыста журуп ушундай кабар угуп кыжалат болосунда киши....тынч эле болсун аягы
+1
Abdurahman
2015-12-26 16:53:04
Кудай сактааа биз такыр сезбеппиз
0
Sultanim
2015-12-26 17:48:52
jer titiregende iymaningar kuchtono tuwtubu)))
Uguwumcha jer titiregen kezde jer astindagi ken bailiktar bir katmar ustugo kotorulot eken...
0
abdumalik.kg
2015-12-26 23:12:39
Мен чочуп ойгондум пасудалар шарактап кетти.
0
Nkvd_1993
2015-12-28 01:21:39
Куундо эле иуну титиреп жатат кече да кичине титиреди Кудай сактасыын!!!


0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан