Бүгүн, 28-декабрда эртең менен Улуттук гвардиянын Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан аскер бөлүгүндө эки аскер кызматкерине ок атылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, бир аскер кызматкери окуя болгон жерден каза тапты, экинчиси ооруканага жеткирилди. "Учурда Башкы штаб иликтөө иштерин жүргүзүүдө",- деп билдиришти мекемеден.
Улуттук гвардиядан кабарлашкандай, окуя саат 03:00 чамасында орун алган. "Кароолчу постко кетип баратканда, ошол аскер бөлүгүндө кызмат кылган эки бала кароолчуга кол салганга аракет жасашкан. Кароолчу коркуп кетип, аларга карата ок чыгарган. Мындан улам А.А. аттуу аскер кызматкери саат 07:00дө ооруканада көз жумган. Экинчисине операция жасалган. Ал оор абалда",- дешти Улуттук гвардиядан.