Сокулукта уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрү 55 жаштагы адамды талаага алып барып сабап, 10 миң доллар жана БМВ унаасын талап кылышкан

Чүй облусунун аймагында уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын октябрь айында азиат улутундагы эки адам 55 жаштагы Сокулук районунун тургунуна карата күч колдонуп, талаага алып барышкан. Ал жерден аны токмоктоп, 10 миң доллар жана БМВ үлгүсүндөгү унаасын талап кылышкан.

"Кылмышка шектүүлөр унааны жана 510 миң сомду ээлеп алышып, белгисиз жакка качып кетишкен. Бул факт боюнча "опузалап алуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында 22-декабрда Чүй облусунун аймагында кылмышка шектүүлөрдүн бири, 1981-жылы Токтогул районунда туулган Сокулук районунун тургуну кармалган. Учурда анын шеригин кармоо иштери уланууда",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Arslan12
2015-12-28 12:12:11
куйдурду го ушулар бул да болсо бийликтин алсыздыгы
+1
daniyar84
2015-12-29 08:22:03
Андайларды жок кылуу керек бироонун мулкун талашкан айбандарды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан