Министр Султан Раев ырчылардын ырын, кийимин тескей турган Көркөм кеңешти жойду

Жаңы дайындалган Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев Кыргызстандагы ырчылардын ырынын мазмунун, сахнага кийип чыккан кийимин тескөөгө алуу үчүн түзүлгөн Көркөм кеңешти жойду. Тактап айтканда, аталган кеңешти түзүү тууралуу мурунку министрдин тушунда чыккан буйрукту жокко чыгарды. Раев мындай чечимин чыгармачылыктагы эркиндик жана маданият, искусство тармагын ар тараптуу өнүктүрүү зарылчылыгы менен байланыштырды. 

Айта кетсек, Көркөм кеңешти түзүү буйругун 2012-жылы мурдагы маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов чыгарып, коомчулукта, айрыкча чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү арасында олуттуу нааразычылык жараткан. Анткени мындай аракет демократиялык шартта, адам укугу алдынкы орунга коюлган өлкөдө чыгармачыл адамдарга бут тосуу катары кабылданган. Ал тургай артисттер арасында “Эмне үчүн кеңештин курамындагы өзүмдөн кичүү, тажрыйбасы жок ырчыга ырымды, кийимимди сындатып, андан уруксат алышым керек?”, “Мени 15 киши өткөрбөсө, жүз миңдеген күйөрмандарым колдоп, угармандарым угат, коркпойм..." деген сөздөр да айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан