Ош шаарында 2 жаш бала сууга чөгүп, биринин жансыз денеси табылды. Бирин издөө иштери уланууда

27-декабрда саат 18:10 чамасында шаардын батыш тарабындагы Көкүмбий көчөсүндө жайгашкан балык базасындагы сууга эки жаш бала чөгүп кеткен. Ага-ини бул эки баланын бирөөсүнүн (7 жашар) жансыз денесин атасы алып чыккан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге саат 18:22 чамасында Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары менен Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары барышып, болжол менен туурасы 80-90 метр, узундугу 150-160 метр, тереңдиги 1,5-2,5 метр келген суудан дайынсыз болуп жаткан 5 жашар баланы издөө иштерин жүргүзүштү. Издөө иштери натыйжа бербегенинен улам 22:40та издөө иштери токтотулган.

2015-жылдын 28-декабрында саат 08:00дөн тарта издөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
dasta
2015-12-28 10:57:09
Бечара ата енелерине еле кыйын болду да
+5
Angel92
2015-12-28 11:10:30
Ата энесине сабыр берсин.
+5
Ayida
2015-12-28 14:39:29
Кыш мезнилинде кантип сууга жакын барышат же бироо атайладыбы?Себеби азыр бироодон эле коро турган заман болуп калды адамдын душманы адам болуп тообо
+1
jibew
2015-12-29 10:28:56
Ayida, муз тепкени барып муз жарылып кеткен болушу мумкун.
0
fanatka19
2015-12-28 17:22:09
Узундугу 80,90 метр жерден кандай табылбайт,жакшылап издешпей акча үмүт этип өлүп атышса керек ла.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан