Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында зомбулуктан улам көз жумган 10 жашар кыздын жарадар болгон иниси Бишкектеги ооруканага которулган, анын абалы оор деп бааланууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 7 жашар бала Каракол шаарынан борбордук ооруканалардын бирине 25-декабрда саат 16:00дө которулган. “Жаш бала Караколдон эсине келген. Ал башынан жаракат алган. Учурда бала бардык анализдерди тапшырып, ага "баш сөөктүн ички жабык жаракаты" деген диагноз коюлган, ал гематома алышы мүмкүн деп божомолдонууда. Жакындарынын суранычы менен биз 7 жашар баланын кайсы ооруканага жаткырылганын айта албайбыз”,- дешти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, 24-декабрда Каракол шаарында 10 жаштагы кызды өлтүрүүгө жана инисин жарадар кылууга шектелип жездеси камакка алынган.