Бүгүн түштөн кийин "Жалал-Абад" аэропортунда бир жылга токтотулган жүргүнчүлөр каттамы жанданат

"Жалал-Абад" аэропортунда бир жылга токтотулган жүргүнчүлөр каттамы бүгүн болжол менен саат 14:10до жанданат. Муну бүгүн, 28-декабрда SUPER.KG'ге аталган аэропорттун жетекчиси Закир Мамасеитов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн саат 13:40та Бишкектен Жалал-Абадды көздөй жүргүнчүлөрдү ташыган учак учуп чыгат. “Учак болжол менен 30 мүнөттө Жалал-Абаддагы аэропортко конуп, кайра 15:00дө борборго учуп кетет. Учурда биз жумасына эки каттам болот деп пландап жатабыз. Учак 100 орунга ылайыкташкан”,- деди жетекчи.

Мамасеитовдун айтымында, быйыл “Манас” Эл аралык аэропортунун каражаты менен "Жалал-Абад" аэропортунда 7 миң чарчы метр учак жолу оңдолгон. Ага 6 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. “Жалал-Абад" аэропортунда былтыр октябрь айынан бери жүргүнчүлөрдү ташыган каттамдар токтогону менен, тик учак жана башка учактардын түрлөрү учуп-конуп, жумуш жүрүп жатты. Элде "аэропорт иштебей калды" деген туура эмес түшүнүк пайда болгон экен”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
dosym
2015-12-28 13:50:55
Жалал-Абадтык туугандарды куттуктайбыз, жолунар шыдыр болсун
+5
limuna
2015-12-28 20:03:37
Эми токтобой учуб турсун
0
limuna
2015-12-28 20:03:39
Эми токтобой учуб турсун
0
ali1995
2015-12-28 21:57:07
Исфанага жумасына канча жолу учат экен
0
pepew95.
2015-12-29 01:59:39
Бишкек Жалал-абад канча сом болуп атат билет баасы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан