27-декабрда Бишкек шаарынын Ак-Бата конушундагы турак жайлардын биринде жашаган үй-бүлө газга ууланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жалпысынан 4 адам ооруканага жеткирилди, анын экөөсү өспүрүмдөр. "Жабыркагандардын абалы оор деп бааланууда. Алдын ала версия боюнча, үйдөгү мештин жана мордун туура эмес салынышы уулуу газдын чыгышына себеп болгон",- дешти мекемеден.