Жыл башынан бери күз-кыш мезгилине даярдык боюнча иш-чараларды каржылоого республикалык бюджеттен 5 миллиард сом бөлүнгөн. Мындай маалыматты бүгүн, 28-декабрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бул суммадан жылуулук энергиясын субсидиялоого 1 миллиард 722,2 миллион сом жумшалган, анын ичинде "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына 1 миллиард 617,2 миллион сом, "Ош ЖЖИ" муниципалдык ишканасына 105 миллион сом бөлүнгөн.
"Бюджеттик уюмдардын жылуулук, электр энергиясынын жана жаратылыш газынын акысына сарптаган чыгымдары 1 миллиард 106,6 миллион сом болду. Тактап айтканда, бюджеттик уюмдардын электр энергиясына жумшаган чыгымдары 707,3 миллион сомду, ал эми жаратылыш газына сарптаган чыгымдары 8,4 миллион сомду түздү",- деп айтылат маалыматта.